Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

10.45: Америкалык базадан Кыргызстандын бюджетине түз акча түшпөйт


Финансы министри Акылбек Жапаровдун бүгүн парламентте билдиргенине караганда, америкалык база боюнча келишимде эл аралык терроризмге каршы чогуулап күрөшүү максатында Кыргызстан ижара үчүн акы албайт деп жазылган. Ал эми база болсо ар кандай тейлөо кызматтары үчүн чарбалык субьекттерге гана акча төлөйт. Ал эми былтыр жүргөн сүйлөшүүлөрдөн кийинки меморандумда америкалык тарап кошумча 17 миллион доллар төлөп берет деп жазылган.Бирок бул келишимди АКШ Конгресси беките элек. Финансы министри билдиргенге караганда, жаңы жыл алдында АКШдан 4 миллион 350 миң доллар келип түштү, бирок ал каражат база үчүн келген акчабы же башкабы такталууда.(ChO)

XS
SM
MD
LG