Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

12:10 Кыргызстандын түштүк аймагында жашаган дин кызматкерлерин АКШ өкмөтү чакырууда


Кыргызстандык дин кызматчылары жана диний чөйрөнү караган мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү АКШга секулярдык өлкөдөгү дин маселелери жөнүндөгү программа боюнча чакырылууда. Бул программанын шарттарын бүгүн АКШнын элчилиги жарыялады. Ал боюнча АКШга бара турган талапкерлер сөзсүз түрдө Жалалабад облусунан же Ош областынын Өзгөн районунан болушу керек жана кыргыз тилин билүүгө тийиш. Алар АКШдагы сапары учурунда дин уюмдары мамлекет менен кандай кызматташары жана дин укуктары кандай корголуп жаткандыгы жөнүндө маалымат алып, таанышып кайтышат. (KCh)

XS
SM
MD
LG