Сузактын тургуну Хамражан Сражидиновго каршы кылмыш кодексинин 299 беренесине ылайык кылмыш иши ачылды. Убактылуу иштебеген 40 жаштагы бул адамдын үйүнөн 20-январда «Хизб-ут-тахрир» партиясына тиешелүү 1167 баракча менен 5 китеп жана 142 китепче табылган. Ал ошол эле күнү Сузак райондук милиция тарабынан камакка алынды. Аталган маалыматты 22-январда райондук милициянын диний экстремизм менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тастыктады. Областтык милиция башкармасынын маалыматына ылайык, облуста ай башынан бери ислам халифатын курууну көздөгөң партиянын үч тарапкери колго түшкөн.Эки адамга кылмыш иши козголуп, бирөөсүнүн иши улуттук коопсуздук кызматына өтөрүлдү. (YA)
15:18 Экстремисттик диний адабият менен колго түшкөн Сузактык тургунга кылмыш иши козголду