Бул боюнча эки адам кармалганын жана иш жакында сотко өтөөрүн ички иштер министрлигин өкүлдөрү кечээки маалымат жыйында билдиришти. Анда Ош шаардык кеңешинин депутаты Айбек Алимжановду жана милиция кызматкери Уран Алиевди өлтүргөн адамдар да аныкталып, издөөгө алынганы айтылды. Жалпысынан акыркы үч жылда Кыргызстанда 29 киши жалданма киши өлтүрүүнүн курмандыгы болгон.(SM)