Кечээкиге белгиленген бул иштин жылдырылышына жабырлануучулардын бири сотко келбей калышы себеп болду. Исфара райондук ички иштер кызматы былтыр ноябрда баткендин эки тургунуна тоноочулук, барымтага алуу, опузалоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кыргыз тараптын айтымында, алар Казакстандан кайткан тажик жарандарын насыя акчага Бишкектен Тажикстандын Исфара районуна алып баратышкан. Бирок чек арага жеткенде жүргүнчүлөр тажик чек арачыларына туура эмес маалымат берип, кыргыз жарандары милицияга өткөрүлүп берилген.(SM)
7:45 Тажикстандын Исфара шаарында эки кыргыз жаранынын үстүнөн болчу сот иши шаршембиге которулду