Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:03

11:42 Кыргызстан менен Казакстан көгүлтүр отундун транзит акысы үчүн акчалай эсептешүүгө өтүштү


БГР-ТБА магистралдык газ түтүгү Казакстан менен Кыргызстан аймагы аркылуу өтүүчү Борбордук Азия газ түтүктөрүнүн системасына бириккен. Ошол себептүү, Өзбекстандан газ алып жаткан кыргыз жана казак операторлору (ЖЧК «КырКарГаз», АО «Интергаз-Центральная Азия» көгүлтүр отунду ташуу боюнча өз ара бири-бирине кызмат көрсөтүшөт. 2007-жылга чейин жаратылыш газын ташуу жана транзит акысын алар газ менен эсептешип келген. Эми 1-январдан тарта алар акчалай эсептешүү жөнүндө жаңы келишим менен иштей башташты. Жаңы келишим боюнча ар бир миң кубметр жаратылыш газынын транзит акысы 1,6 доллардан эсептелет. Эсептөөлөргө ылайык, Кыргызстан аркылуу быйыл Казакстанга тиешелүү делген 2 миллиард тогуз миллион кубметр көгүлтүр отун ташылып өтөт. (KCh)

XS
SM
MD
LG