КАБУЛ.Ооган бийликтери Хост провинциясында жайгашкан америкалык аскердик базага жасалган кол салууда 10 киши курман болгонун, 14 киши жаракат алганын билдирди. Жан кечти террорчу эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн базасынын жанына барып, өзүн өзү жардырып жиберген. Жабыр тарткандардын баары базада иштеген аскерий эмес адамдар болгондугу болжолдонот.
Баян Жумакадыр кызы, Прага
Баян Жумакадыр кызы, Прага