Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

18:24 Цианид ташыган автоунаалар Балыкчы шаарынын калкынын нааразылыгын пайда кылууда


Балыкчы шаарынын тургундары цианид жүктөгөн 10-15дей чоң машиналар шаардын көчөлөрү менен өтүп көп зыян келтирип атканын айтып арызданышууда
Бул маселе боюнча шаар тургундарынан түзүлгөн демилгелүү топ кайрылуу кабыл алып, аны өлкө башчысына жолдоду. Балыкчы шаарынын тургуну Белек Касымовдун айтуусунда өткөн жылы химикат ташыган машиналардын талапка жооп бербегендиги аныкталганы менен ага чара көрүлгөн эмес. Алтын өндүрүүгө пайдаланчу уулуу заттардан башка жылына 100 тоннага чейин цианит сактаган бул база аймактын социалдык абалына көңүл бурбайт. Ал эми курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасынын адиси Кайбылда Султанов канадалык ишкерлер цианид кандай шартта сакталып турганын текшерүүгө мүмкүндүк бербей атканын билдирди. (RN)

XS
SM
MD
LG