Алар былтыр ноябрда Казакстандан кайткан тажик жарандарын Бишкектен мекенине алып бараткан учурда кармалган. Кыргыз тараптын айтымында, чек арага жеткенде жүргүнчүлөр жол кире төлөөдөн качып, тажик чек арачыларына туура эмес маалымат берген. Тажик укук коргоо органдары Баткендин бул эки тургунуна тоноочулук, адам уурдоо, барымтага алуу беренелери боюнча айып таккан. Бүгүнкү сот жараянына Баткен облустук бийлигинин өкүлдөрү да катышмакчы. (SM)
7:45 Тажикстандын Исфара шаарында эки кыргыз жаранынын үстүнөн башталган сот иши бүгүн да уланат