“Эгерде мага кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматкерлерге акидей асылган деген кинелер расмий түрдө коюлса кызматтан кетүүгө даярмын” деп билдирди президент Кацав. Ал пресс-конференцияда сүйлөгөн сөзүндө бардык айыптоолорду четке какты.
Израилдин президенти Моше Кацав парламентке аны убактылуу кызматтан бошотуу өтүнүчү менен кайрылды