Кечээ Швейцариянын Давос шаарында беш күнгө созула турган эл аралык экономикалык форум өз ишин баштады. Форумга эки миңден ашуун өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана журналисттер катышууда. Аба-ырайынын кескин ысышы форумдун башкы темасы болду. Мындан сырткары форумда Жакынкы Чыгыштагы чатак, Ирактагы кырдаал дагы талкууланмакчы.