Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

15:45 Былтыркы кыргыз-дунган чатагына байланыштуу иш Жогорку сотто каралды


Искра айылындагы дунган-кыргыз чатагына күнөөлүү деп табылган эки уланга карата кылмыш иши козголуп, 2006-жылдын апрель айында Чүй райондук соттун чечими менен Рустам Айнаев төрт жылга, Абдулла Биянху төрт жыл, алты айга кесилген эле. Өткөн жылдын май айында кайрадан иш областык сотто өзгөртүлүп, шартуу түрдө эки жылга кесилсин деген чечим чыккан. Бирок, Жогорку сот ишти кайрадан карап, кылмыш ишине байланышкан Райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Эми адвокат Нина Зотова, кылмыш ишине байланыштуу президентке кайрылуу жолдоорун билдирүүдө.(JJ)

XS
SM
MD
LG