ЖАЛАЛАБАТ. Жалалабатта соода кылган аялдардын 40 өкүлү тармактык кызматтардын үч күндөн бери иштетпей жаткандыгына нааразы болушту. Алар темир жол боюндагы иш орундарынан жылдырбоону жана губернатор менен жолугууну талап кылышып, эгер маселе чечилбесе, Бишкекке жөө жүрүш жасай тургандыктарын жар салышты. Мэриянын аппарат башчысы аялдардын айткандарын төгүндөп, аларды шаарга будуң-чаң салгысы келген топ катары мүнөздөдү.