ТАЛАС. Облустук жана райондук мекеме уюмдардын демилгеси менен 1 млн. 138 миң 767 сомдук жардам Кочкор районуна жыйналган. Анын ичинде ун, тамак-аш, азык-түлүктөр жана курулуш материалдары бар. Облус губернатору өзүнүн үйбүлөсүнүн атынан 10 миң сом кошту. Аталган жардамды Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиев, дубандын аксакалдары жана атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрү жеткирип кетишти.