Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган чабуул бул өлкө үчүн оор кесепеттерге алып келет жана аны өзөктүк бомба жасоого түрткү берет. Бул тууралуу Давостогу экономикалык форумда Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Мохаммед Эл-Барадейи билдирди. Бирок ал кайсы өлкө Иранга чабуул жасоону пландаштырып жатканын айткан жок. Израиль жана АКШ Ирандын өзөктүк программасын токтотуу үчүн сокку уруу мүмкүнчүлүгүнөн баш тарта элек.