10 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара берди деген шек менен Өкмөт алдындагы Тышкы байланыштар жана инвестициялар боюнча мамлекеттик департаменттин директору Олег Мурадов кармалганын Кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкармасынан билдиришти. Алардын маалыматы боюнча, бакыйган мекеме жетекчиси чоң суммадагы акча менен ага каршы козголгон ишти жаптырып салуу үчүн тергөөчүлөрдү сатып алууга аракет кылган. Мындан мурда эле ал Бишкек ИИБ Кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкармасы тарабынан 150 миң доллар пара алган деп айыпталып, иши тергелип аткан экен. Мурадов Олег азыркы учурда Бишкектеги убактылуу кармоо жайына камалды, ага каршы кылмыш иши козголду. (KCh)