Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

07:30 2006-жылы айыл чарба товарларын сыртка сатуу көбөйдү


Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жылы айыл чарба товарларынын экспорту 125 млн 800 миң долларга жетти. Бул 2005-жылкы көрсөткүчкө караганда 10,4% көп. Ал эми сырттан ташылып келинген айыл чарба товарларынын суммасы 218 млн 700 миң долларды түздү.
Өткөн жылы айыл чарба азык-түлүктөрүнүн эл эң биринчи кезекте керектөөчү айрым түрлөрүнүн баасы көтөрүлдү. Бул көрүнүш Кыргызстандын айыл чарба товарларынын ички жана тышкы базарда кеңири суроо-талапка ээ болуп жаткандыгын билдирет деп маалымдайт айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы.

XS
SM
MD
LG