Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Грузияда байытылган уран сатууга аракет кылды деп камакка алынган россиялык эки жаранды ырасмий Тбилисинин кутумчулугу деп атады. Ырасмий бийликтердин ырасташынча, россиялыктар Грузиянын коопсуздук күчтөрү жүргүзгөн операциянын натыйжасында былтыр камакка алынып, бул жөнүндө өткөн аптада гана жарыя кылынган. Уран кайдан алынганы али тактала элек. Байытылган уран ядролук бомбаны жасоого колдонулушу мүмкүн.