Кошмо Штаттардын Сенаты Ирактагы америкалык күчтөрдүн командачылыгына генерал-лейтанат Дэвид Петрюсту бекитти. Президент Буш Петрюсту кабыл алып, ага Иракка 21, 5 миң аскер жөнөтүү планын “болушунча тез” аткаруу милдети жүктөлөөрүн айтты. Бул план Ирактагы эрегишчилердин чабуулдарын жана жаатташтык согушун токтотуунун бир аракети.
Генерал-лейтанат Дэвид Петрюс америкалык 21, 5 миң аскерди Иракка тез жайгаштырууга тапшырма алды