НАТО альянсы Косовонун болочок макамы жөнүндөгү Улуттар Уюмунун планын жактырды. Альянстын өкүлү Жэймс Аппатурейдин (James Appathurai) билдиришинче, НАТОнун тышкы иштер министрлери планды “бир добуштан” колдошкон. БУУнун өкүлү Марти Ахтисаари Косовонун макамы боюнча сунушун жума күнү Венада Байлыныш тобуна кирген АКШ, Россия жана Европанын ири өлкөлөрүнө тааныштырды. Бирок, документтин мазмуну али жарыялана элек. Сербиянын курамындагы Косово провинциясы учурда БУУнун башкаруусунда. Аймактын 2 миллиондуу калкынын 90 проценттен көбү жергиликтүү албандар.