ВАШИНГТОН. Президент Буш Иракка кошумча аскер жиберүү планына карата Конгрессте айтылган сын пикирлердин четке какты. Буш Иракка кошумча 20 солдат жиберүү чечиминин жоопкерчилигин өзүнө ала турганын айтып, бул чечимдин ийгилигине ишенип турганын кошумчалады.Президенттин айтымында, ал сын пикирлерге кулак салууга даяр, бирок Ак үйдүн Ирактагы жаңы стратегиясын ал ишке ашырыла элек жатканда эле сындап жаткандар менен макул эмес.