Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

КЫРГЫЗ-ЖАПОН ДИПЛОМАТИЯЛЫК МАМИЛЕЛЕРИНЕ ОН БЕШ ЖЫЛ ТОЛДУ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге январь айында 15 жыл толду. Дипломаттардын көз карашында Кыргызстан Жапониядан экономикалык жардамдарды алуудан тышкары мамлекетти өнүктүрүү тажрыйбасын да үйрөнүүгө тийиш.

Кыргызстан буга чейин анын тышкы саясаты көп кырдуу жана ачык экендигин жарыялаган. Өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкчылык берилген багыттардын бири Жапония менен болгон кызматташтык мамилелери болуп саналат.

Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алакалар 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. Ошондон бери Жапония Кыргызстандын ири донорлорунун бири болуп келүүдө. Бул жылдары Жапония тарабынан өлкөгө гранттар жана техникалык колдоо иретинде жалпысынан 430 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү. Бул каражаттар Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө маанилүү колдоо болду. Бирок, серепчилер бул жардамдар сарамжалдуу сарпталбагандыгын да белгилешет. 2006-жылы эле жапон өкмөтү Кыргызстанга муниципалдык кызматкерлерди даярдоо, суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу, куш тумоосунун таралышын алдын алуу, Нарын облусундагы жолдорду оңдоо сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга 13,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөттү.

Жапония менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери, өзгөчө акыркы жылдары ар тараптуу туруктуу кызматташуу орун алууда. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр боюнча департаментинин кызматкери Диана Сыдыкова мындай дейт:

Акыркы мезгилде Жапония менен болгон эки тараптуу кызматташуунун туруктуу тенденциясы байкалууда. Өлкөлөрдүн ортосунда стабилдүү саясий диалог орнотулуп, экономикалык, билим, маданият тармактарындагы кызматташуулар да туруктуу мүнөзгө ээ. Жапония менен соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү жана өлкөгө япон капиталын тартуу максатында учурда белгилүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Биздин Токиодогу элчилигибиз да Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу япон ишкерлерине маалымдоо үчүн атайын семинар, жыйындарды уюштуруп турушат. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө “Жапония-Кыргызстан” парламенттик достук ассоциациясы да өз салымын кошууда. Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы кызматташууларды тереңдетүүнүн негизги багыттарынын бири “Борбор Азия + Жапония” диалогунун алкагындагы алакаларга да байланыштуу .

Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Диана Сыдыкова белгилегендей, жапон ишкерлерин учурда Кыргызстандын тоо-кен тармагы да кызыктырууда. Азыр ошондой эле бир катар жапон кампаниялары Ташкөмүр шаарындагы “Кристалл” ишканасынын акцияларын сатып алуу боюнча тендерге катышууга ниеттенип жатышат.

Көп жылдар бою Жапонияда элчилик кызматын аркалап келген коомдук ишмер жана дипломат Ишенбай Абдразаковдун көз карашында, Кыргызстан дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири болгон Жапониядан экономикалык жактан жардамдарды алуудан тышкары, мамлекетти өнүктүрүү тажрыйбаларын да үйрөнүшү керек:

Албетте, Жапония бүгүнкү күндө дүйнөдөгү экономикалык, жаңы технологиялар жактан эң өнүккөн 10 өлкөнүн катарына кирет. Биз бул чыгыш өлкөсү менен болгон мамилелерибизди аяр жасоого тийишпиз. Андан бир гана каржылык, экономикалык жардамдарды алуу менен чектелбешибиз керек. Жапонияны мамлекетти, өзгөчө экономиканы өнүктүрүүдө, идеологиялык жактан, маданият жагынан да тажрыйбасы өтө чоң. Ошондуктан, биз бул өлкөдөн көп нерсени үйрөнүп, тажрыйба алсак болот. Озгөчө мамлекеттик кызматка кандай жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керек, билим тармагы, жашоонун сапатын жакшыртуу, убакытты үнөмдөө жана башкаларда алардан ала турган өрнөктөр арбын .

Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы мамилелерде маданий-гуманитардык мамилелерге да өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда Токио, Саппара, Киото, Хоккайдо жана Япониянын башка шаарларында ондогон кыргызстандык студенттер ар кандай кесиптер боюнча билим алышууда. Эки өлкөнүн ортосундагы маданий тармактагы кызматташуусуну тереңдетүү максатында учурда Ыссыккөлдө кыргыз-жапон маданий борборун ачуу маселеси каралууда.

XS
SM
MD
LG