Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Газа тилкесинде хамасчылар менен фатхчылардын ортосунда болгон салгылашууда 20 чакты киши курман болду


ГАЗА. Хамас тобу менен Фатхтын акыркы үч күндүн ичинде Газа тилкесинде болгон салгылашууларында 20 киши курман болуп, алтымыштан ашык киши жаракат алды. Палестин автономиясынын премьер-министри, Хамастын жетекчилеринин бири Исмаил Хания менен фатхчы президент Махмуд Аббас тараптарды тынчтанууга чакырышты. Аталган эки топтун куралдуу таймашы өлкөдө улуттук биримдик өкмөтүн түзүү боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратты. Бул күндөрү Хамастын парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, бийликке келгенине бир жыл толду.

XS
SM
MD
LG