БАГДАД. Бүгүн Багдадда Ирактын өндүрүш министрлигинин жетекчилеринин бири Абдул Мехсун ал- Ламини өлтүрүп кетишти. Кол салуу ал ишке бараткан кезде жасалган. Куралчандар анын автомашинесин аткылап, андан ал-Лами менен бараткан кызы жана дагы эки киши курман болду. Андан сырткары Багдадда минометтордун аткылоосунан беш окуучу кыз жан таслим болушту. Американын Ирактагы аскердик командачылыгынын айтымында, бүгүн Ирактын ар кайсы чөлкөмдөрүндө 7 америкалык солдат курман болду.