Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Орусия Иран алдындагы милдеттемелерди аткарат


Орусия Ирандын Бушер шаарында өзөктүк электр кубат станциясынын курулушун белгиленген мөөнөттө бүтүрүү тууралуу милдеттемесин аткарат. Бул тууралуу жекшембиде Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов Ирандын Тышкы иштер министри Манучер Моттаки менен кездешүүдө билдирди. Алгачкы өзөктүк станциялар сентябрда иштеп баштайт деп кошумчалады Игорь Иванов. Жакында эле БУУнун Коопсуздук кеңеши уран байытуу программасын токтотпогондугу үчүн Тегеранга санкцияларды киргизген. Бул чечим үчүн добуш берген Орусия, ошону менен бирге өзөктүк технологияларды тынчтык максатында пайдаланууну колдойт.

XS
SM
MD
LG