ЖК жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Каныбек Иманалиев ХИПК программасына кирген өлкөлөрдүн элинин көбү сабатсыз, орточо өмүр жашы кыска экенин белгилеп өттү. Маселен, Сенегалда калкынын 40 пайызы гана сабаттуу, орточо өмүр жашы 49 жаш, Малиде сабаттуулук 36 пайыз, калкынын орточо жашоо мезгили - 45 жаш, Гаитиде элдин токсон пайызы өнүккөн өлкөлөрдүн кулу болуп келген негрлердин тукуму экен. Боливиянын сырткы карызы мурда 4 млрд доллар болсо, ХИПК программасына киргенден кийин 5 млрд долларга чыккан. (KCh)