Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 04:13

17:41 Таласта «Андаш» алтын компаниясын жабууну талап кылгандар митингге чыгышты


Митингге Талас районуна караштуу Көпүрөбазар айылдын 500гө жакын тургундары “Андаш” компания жабылсын, айыл өкмөт башчы жумуштан кетсин деген эки талап коюшту. Облустун губернатору Байымбет Мураталиев “Андаш” кенин элдин суроосу менен атайын көз карандысыз эксперттер келип текшергенин, алар кенди зыяндуу, жабылсын деген жыйынтык чыгарган эместигин билдирди. Ал эми айыл өкмөт башчы Мырзабек Алмүрөковдун тагдырын жергиликтүү депутаттар менен жакынкы арада губернатор чечээрин билдирди. Митингичилер маселе чечилбесе Талас-Бишкек жолун жабабыз деп айтышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG