“Азаттыктын” маектеши ЖК депутаты Райымбек Мамыров.
- Энергетика жана отун ресурстары боюнча жаңы министрлик уюштурулуп жатыптыр. Энергетика министрлиги 90-жылдардын биринчи жарымында өкмөттө болгон, кийин жоюлган эле. Эми мындай зарылчылык тармактагы азыркы кризистен жана жаңы ГЭСтерди куруу пландарынан улам жаралып жатса керек. Бул чоң министрлик болот го, өзүн өзү актайбы?
- Биринчиден, кечээ түштөн кийин өкмөттүн жаңы структурасын бизге жаңы премьер-министр тарабынан сунуш кылыныптыр. Кечээ кечинде көрдүк. Биз депутат катары ойлоп аттык эле, эң биринчи өзгөчөлүктөрү кыскартылган, азыраак болот го деп. Бирок саны көбөйүп кеткен экен. Эгер мурда комитеттерди кошкондо 16 боло турган болсо, азыр 19 барып калыптыр. Ошого байланыштуу биз айтып аттык эле 1-2 министрлик жок болсо жакшы болмок деп. Мисалы, социалдык камсыздоо министрлигин экиге бөлүп туруп, жарымын саламаттык сактоого өткөрүп, жарымын миграция комитетине өткөрүп берсе деп.
Дагы жаңылык – Экономика министрлиги болуп атыптыр мурдагы өндүрүш министрлигинде. Чоң жаңылыгы – Энергетика жана отун министрлиги болуп аткандыгы. Мен өзүм депутат, энергетик катары мурда эле сунуш кылып аттым эле. Кыргызстан энергетикага бай деп көп эле сөздөрдү сүйлөп атабыз. Бирок бул жагынан көп нерсени жасаганыбыз жок. Сиз айтып аткан 90-жылдары министрлик болгон, бирок ал убакта башкача шарт болгон болчу. 2001-жылдан бери энергетика тармагы бүт тымтыракай болуп бөлүнүп, бири электр энергияны чыгарса, экинчиси ташып, үчүнчүсү бөлүштүрүп, газ андан бөлөк, нефть, отун, көмүр бөлөк болуп кеткен болчу. Бирок, ошол компаниялардын, акционердик коомдордун барысында мамлекеттин менчиги бар, 80 пайыздан 93 пайызга чейин акциялары бар. Бирок аларды бүгүнкү күндө мүлк комитети башкарып жүрөт, бирок мүлк комитетинин иши таптакыр башка. Алар ошону башкарып, эгер болсо сатып, ошол жагын караш керек.
Ал эми бул жерде жумуш алып бара турган министрлик болбой аткан. Менимче мунун түзүлүшү жакшы болуш керек. Ал эми сиз айткан өзүн өзү актайт деген, бул министрлик бюджетте болот го, бирок кызматы боюнча актайт деп ойлойм. Кыргызстанда болгон отун энергетика тармагында иштеп аткан бүт акицонердик коомдордун башын бириктирип, биринчиден Кыргызстандын ичинен жалгыз ошондой тармак катары коңшу мамлекеттер менен сүйлөшө турган, инвестиция тартып келе турган министрлик болот.
- Энергетика тармагындагы азыр кризисти, бөлүнүп кеткен бир нече компанияны кайра бириктирген шартта оңдоого болобу, бириктирүү мүмкүнбү?
- Бул мурдагыдай баарын алып келип бириктирип коёт деген эмес. Менин оюм боюнча жети, ал жерде отундарды кошкондо 9 -10 компания акицонердик компания боюнча калып, ишин уланта бериш керек. Бирок, ошол жерде турган мамлекетке караган 80 пайыздан ашык акцияны алып, ошол аркылуу башкарышы керек. Кризиске учурап аткан бөлүштүрүү тармагындагылар сөзсүз оңдош керек. Ошон үчүн бул түзүлүп атат. Менин оюм боюнча, ошол жерге барган кишиге тийиштүү болот, кандай киши келип иштейт. Ошондуктан оңолот деп ойлойм. Эгер оңолбой турган болсо мындай нерсени жасаштын кереги жок.
- Бажы, салык мекемелеринин статусу бир нече ирет өзгөрүлдү эле, эми кайра комитет деген статус ыйгарылып жатыптыр. Бул эмнеге байланыштуу?
- Буга мен карышымын. Бүгүн талкуулай турган болсок карышымын деп эле айтам. Инспекцияны комитет кылгандан эч нерсе өзгөрбөйт. Эгер биз Экономика министрлигин башкага бөлгөндөн кийин, экөөнү тең бириктирип каржы министрлиги менен чогуу кылганда жакшы болмок. Себеби экономика пландап берет, аткара турган жагы Каржы министрлигинде калганда жакшы болмок. Төртөөнү төрт жакка бөлүп алгандан кийин кантебиз билбейм. Эгер атын ушунчалык эле өзгөртө турган болсо анда, киреше комитети деп туруп эле салык менен бажыны бир кылып алып барса болмок. Кыскартабыз деп атып, эми 19 га жеткирип алыптырбыз. Менин оюмча көпчүлүгү эле каршы болот болуш керек.
- Сизге ырахмат.
Маектешкен Улан Эшматов, Прага