Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

КАСЫМБЕК РАЙЫМКУЛОВ: БИР АЙДА ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 71 АДАМ КАЗА БОЛДУ


«Aзаттыктын» маектеши МАИ тармагынын мурдагы кызматкери, учурда адвокат Касымбек Райымкулов. Кабарчыбыз ага Кыргызстанда жол кырсыгы эмне себептен көбөйүп жаткандыгы тууралуу бир нече суроо менен кайрылган эле.

- Ноябрда Конституциялык реформа талап кылган митингдерге байланышкан окуялардын күүсү али күнгө чейин басыла элек. Улуттук Коопсуздук кызматы ошондо депутаттардын биринин кеңсесинде жазылган аудио тасма боюнча тергөөсүн улантууда. Кечээ ошол иш боюнча күбө катары өтүп жаткан “Интербилим” бейөкмөт уюмунун башчысы Асия Сасыкбаева кезектеги суракка чакырылган экен. Ал психологиялык кысымга туш болдум деп билдирип жатат. Сиз “Ата мекен” партиясынын ошол окуяларга байланыштуу камалган өкүлү Бакыт Калпетов деген жигиттин адвокаты элеңиз. Ал дагы Коопсуздук кызматынын абагында жатып, Жогорку соттун чечими менен бошотулган. Азыр тергөө аяктадыбы?

-Тергөө азыр аяктап, сотко берилди. Ушул жылдын башында 5-январда Коопсуздук кызматынын тергөөчүсү бүтүрүп, сотко берилди. Эми сот болоорун күтүп жатабыз.

- Ал бир эле маселе боюнча күнөөлөнүп жатабы Улуттук телерадионун жетекчисинин орун басарына кол көтөргөн деген?

-Ооба. Бейбаштык деп коёт эмеспи. Ошонун экинчи бөлүгүнүн экинчи беренесин койгон.

- Сот кокус айыптуу деп таап калса, Кылмыш кодексинде кандай жаза каралган бул иш үчүн?

-Кылмыш кодексинде беш жылга чейин эркинен ажыратылат деген норма бар. Эң жогорку жазасы ошондой деп айтылган. А бирок, мен ойлоп жатам адвокат катары бул экинчи беренеге жатпайт. Бул, биринчи берене менен 234-берене болуп эсептелет Кылмыш кодекси боюнча. Менимче, биринчи бөлүгү айып пул төлөө менен кутулат го деген ойдомун. Анткени, ал жерде 10-20 миң киши болду. Анда баардыгы бири-бири менен макулдашып барган жок да. Ар ким өзүнүн көз карашы менен барды деп эсептеймин.

- Мурда сиз МАИ тармагында иштегенсиз. Соңку кездери өлкөнүн баардык аймагында жол кырсыгы көбөйүп кетти. Мунун бир топ себептери бар. Негизинен МАИ мекемеси жолдо тартип орнотууга мүмкүнчүлүгү барбы же жогорку жак дагы аралашуусу керекпи?

-МАИ тармагын айтып кетээрдин алдында мен бир цифра келтире кетейин. Мына жыл жаңырган күндөн бери отуз күн болду. Бүгүнкү күнгө жыл башынан бери 226 жол кырсыгы Кыргызстан боюнча катталып, 71 адам каза болуп, 281 адам денесинен жаракат алды. Бул деген былтыркыга салыштырмалуу өтө жогорку цифра болуп эсептелет. Былтыр 167 жол кырсыгы катталып, 37 адам каза болгон. Демек 35 пайызга өсүп жатат. Кыскасы, каза болгон адамдардын саны көп болууда. Бул деген коомдук иш болуп эсептелет. Жалгыз мамлекеттик автоинспекция кызматкерлер тарабынан жол кырсыгынын алдын алуу же азайтууга мүмкүнчүлүк жок. Анткени бул мамлекеттик программа болуп эсептелиш керек. Мамлекет аракет кылып өзүнүн колуна алмайынча ар жыл сайын 900дөй адам каза таап калып жатышат.

Бул иш жалгыз мамлекеттик автоинспекция кызматкерлеринин колунан келбейт. Бул биринчиси. Экинчиси, мамлекеттик автоинспекция кызматкерлеринин айлык маянасы баягыдай эле боюнча калып жатат. Кийген кийимдери СССРдин убагындагы кийимдер. Минген, пайдаланган техникалары дагы союздан калган эски техникалар. Демек, муну комплекстүү карап чечиш керек.

- Буга мамлекет кийлигише турган учур келди го. Ал жактан кандайдыр бир демилгелер чыга элекпи. Мисалы, МАИ мекемеси деле бир демилгелер менен кайрылып жатабы?

-Негизи бул коомчулукка белгисиз болгону менен мамлекеттик инспекция кызматкерлери ички иштер министрлигине, өкмөткө, мамлекетке кайрылып турат. Анткени, жыл сайын жол кырсыгы боюнча чоң жыйын болот. Быйылкы ал докладда баары камтылган. Азыр биздин өкмөт тарабынан көз салуу же болбосо ошонун баарын текшерүү жок болууда.

- Рахмат, маегиңизге.

XS
SM
MD
LG