Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

16:57 Базаркоргон районундагы жер талаштан чыккан чырды областтык бийлик териштирди


Тегерек үстөл жыйынын Жалалабат облбийлиги жана “Эл аралык толеранттуулук» уюму өткөрдү. Анда «Арстанбап» жана «Жайтерек» айылдарынын ортосундагы жер талаштан чыккан чыр териштирилди. «Арстанбап» айлынын өкүлдөрү талашка түшкөн 30 гектар аянтты өздөрүнө бөлүп берүүнү, ал эми «Жайтерек» кыштагынын жашоочулары ал жерди жайыт түрүндө калтырууну өтүнүштү. Облустук бийликтин комиссиясы талаш жерде тогуз үйдүн мыйзамсыз курулганын белгилесе, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча облустук башкармалык жайытты туура эмес пайдалануудан облус 19,4 миллион сом зыян тартканын маалымдады. Тегерек үстөл жыйыны талаш жер мыйзамга ылайык жайыт түрүндө калтырылсын деген чечим чыгарды. Бирок, Арстанбап айлынын тургундары бул чечимди туура эмес деп талашууда. (YA)

XS
SM
MD
LG