Көпүрөбазар айылындагы клуб имаратынын ичине “Андаш” компаниясын колдогон жана каршы болгон миңдей адам жыйналып жык толду. Жыйынга кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер министринин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов, депутат Болот Шерниязов, облустук, райондук бийлик башчылары жана “Андаш” компаниясынын өкүлдөрү катышты.
- Бул кен Көпүрөбазар айылынын тургундарынын гана байлыгы эмес, жалпы кыргыз элинин байлыгы. Бул кен 60-жылдары ачылган. Кирешелүү эмес болчу. Акыркы жылдары алтындын баасы 620 доллар болду. Ошондуктан азыр кирешелүү болуп калды. Себеби, долбоорду жазап чыкканда булардын эсебинен чыгымдар 320 доллардын тегерегинде болот. Ошондо 600 доллардан сатса бул пайдалуу болуп атат,- деп сүйлөдү Данияр Үсөнов.
Жогорку Кеңештин депутаты, алтын кендери боюнча комиссиянын төрагасы Болот Шерниязов бул жактагы алтын кенин иштетүүгө каршы экенин билдирди:
- Ар кандай сөздөр айтылды. Андаш кени кимдики экенин билесиңер да. Анын башында ким турганын уккансыңар. Анын башында ким турат? Депутат Шерниязов. Анда мен бүгүн жаптырдым. Бекерден алтын дебейт, бул кызыл деген сөз, мунун артында кан.
Жолугушууга келген бийлик өкүлдөрүнө айыл тургундары компанияга каршы ойлорун айтышты. Ал эми Андаш компаниясынын коомчулук менен иштешип келе жаткан адиси Эрмек Үмөтов экономиканы өнүктүрүү үчүн тоо кендерин, анын ичинде Андаш кенин сөзсүз түрдө иштетүү керек деп эсептейт.
- Себеби, өзүңөр көрдүңөр, лицензиясы алынган, жер бөлүндү, мыqзам ченемдүү чечилип келатат. Бул кен ачылып кала турган болсо өзүңөр көрүп атасыңар 700 кишинин тегерегиндеги жумуш оруну ачылат,- деди Э. Үмөтов.
Жыйындын соңунда биринчи вице-премьер министр компаниянын өкүлдөрүнө “элге акча берип эки тарап кылып элди бузбагыла” деп эскертип, “Андаш” компаниясынын документтерин тиешелүү жетекчилер карап чыгып 10 күндүн ичинде өкмөткө маалымат беришин талап кылды. Канчалык талаш-тартыш болгону менен “Андаш” компания тууралуу маселе жыйынтыкталбай ачык бойдон калды. “Андаш” алтын кенинин тагдыры ушул жылдын жаз айларына жакын Жогорку Кеңеште карала турган болду.