Кечээ кечке жуук тиешелүү адистердин тобу жер титирөөнүн очогуна жакын калктуу аймактарга жөнөп кетишкенин чукул кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан кабарлашты. Кечээ 16:52де облус аймагында жер титирөө болгон. Анын очогу Баткен шаарынын түштүк-чыгыш тарабынан 30-36 чакырым аралыктагы тоолордо катталып, күчү беш баллга жеткен. Жер титирөөнүн күчү Баткен шаарында 3,5-4 баллга жеткени байкалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жапа чегүүлөр жок.(SM)
6:18 Баткенде кечээ болгон жер титирөөнүн зыян алып келген-келбегени бүгүн белгилүү болот