Федералдык коопсуздук кызматы-ФСБнын мурдагы кызматкери Александр Литвиненконун өлүмүн иликтеген британ тергөөчүлөрү топтолгон маалыматтарды Лондонго жиберди. Литвиненконун өлүмүнө тиешеси бар адамдардын аттары азырынча атала элек деп билдирди тергөөчүлөр. Кремлди сынга алып келген Литвиненко өткөн жылы ноябрда Лондондо радиоактивдүү затка ууланып көз жумган.