Маркумдардын жасаты Меккеден бир жарым миң чакырымдай алыстыктагы Даммам шаарына кечээ түштөн кийин коюлуп баштаган. Жерге берүү жөрөлгөсү бүгүн түшкө чейин аяктап калаарын «Азатыкка» дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Кыргыз тарап маркумдардын сөөгүн Мекке же Медина шаарларына жакын жерге коюуну суранып, маселе ушул күнгө дейре чечилбей келген. Бирок ага Сауд Арабия королдугу уруксат берген жок. 12-январда Медина – Дубай жолундагы кырсыкта ажылыктан кайткан кыргызстандык зыяратчылардын 21и кайтыш болгон эле.(SM)
6:00 Сауд Арабияда жол кырсыгынан шейит кеткен кыргыз жарандарынын сөөгү жерге бериле баштады