Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

17:52 Жалалабатта чыгуучу укуктук басылма Ош жана Баткенде да таркатыла турган болду


“Баарына бирдей укук” деп аталган басылма ушул айдан тарта кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде Жалалабатта даярдалып, Бишкектен чыгарылат. Адам укугун коргоо жаатындагы мыйзам бузууларды сындап келаткан журналды каржылоо долбоорун ЕККУ үчүнчү ирет колдоду. Басылманын баш редактору Валерий Улеевдин айтымында, 8 миң нускада жарык көрүп жаткан журнал областтардагы үч кабарчы аркылуу калкка акысыз таркатылат. Милициядан запкы тарткандардын арыздарын жарыялагандыктан өткөн жылы басылманын төрт авторуна кылмыш иши козголгон. Тартип сакчылары өз кезегинде укук басылмасы окуяларды бир жактуу жана такталбаган фактылардын негизинде жарыялап келүүдө деп доомат айтып келишет. (YA)

XS
SM
MD
LG