Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

07:00 Кыргыз өкмөтү калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында атайын программа кабыл алды


“Кыргыз Республикасынын калкын 2010-жылга чейин жумуш менен камсыз кылуу боюнча улуттук саясат” деп аталган бул программа өлкөдөгү жумушсуздукту азайтуу максатын көздөйт. Өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөр Кыргызстанда бүгүн эмгекке жарамдуу калктын 16,8% жумушсуз экендигин аныктаган. Жумушсуздардын көптүгү жагынан 26,7% көрсөткүчү менен Жалалабад облусу, 22% Ош шаары жана 21% Нарын облусу алдыңкы орунда турат. Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча 271 700 ири, орто жана кичи ишканалар бар, аларда 1 млн 160 300 адам иштейт. Аталган программага ылайык калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция комитетине, каржы жана экономика министрлигине жана башка тиешелүү мекемелерге өлкөдө жумушсуздардын санын азайтуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

XS
SM
MD
LG