Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

7:20 Бишкекте бүгүн Өзбекстандагы диктатуралык режимге каршы нааразылык чара өтөт


Бул нааразылык чара Өзбекстандын Бишкектеги элчилигинин жанында өтмөкчү. Анда Өзбекстанда адам укуктарынын тебеленип жатканы айыпталып, Умида Ниязова, Мутобар Тажибаева сыяктуу журналист-укук коргоочуларды камактан бошотуу талабы коюлмакчы. Нааразылык чаранын соңунда элчиликке бул маселе боюнча Өзбекстандын президентине жолдонгон кайрылуу тапшырылат.Кыргызстандагы бир катар укук коргоо уюмдары уюштуруп жаткан бул акцияга Бишкекте баш паана издеп жүргөн өзбек качкындары да катышмакчы.(SM)

XS
SM
MD
LG