Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

10:54 Премьер-министр өкмөттүн структурасындагы кыскартуу, бириктирүүлөрдү баяндады


Азим Исабеков өкмөттүн структурасына депутаттар берген сунуштар боюнча алымча-кошумчалар киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, депутаттардын сунуштары эске алынган акыркы долбоор боюнча Экономика жана соода министрлигин өзүнчө министр башкарат, үчүнчү вице-премьердин кызматы алынып салынды, өкмөт президиуму болбойт. Ошондой эле Коопсуздук кызматы комитет болуп түзүлөт. Бажы жана салык тармагын бириктирип комитет кылуу жөнүндө сунуштар болгон, бирок көпчүлүк депутаттар экөөнү кошууга каршы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG