Кечээки талкуудан соң кабыл алынган чечимге ылайык, Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети сунуш-пикирлердин негизиндеги тыянагын бүгүн парламентке сунуштайт. Парламент комитеттин чечими менен таанышкандан кийин маселе дароо добушка коюлаары күтүлүүдө. Жогорку Кеңеш өкмөт курамы боюнча маселени өткөн жумада карап баштаган.(SM)