Бул тууралуу чек ара жана миграция маселелерин талкуулаган кечээки жыйында мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөн соң чек ара кызматы, баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттик жана чукул кырдаалдар министрлиги толук бойдон түштүк борборго көчүп келиши керек.(SM)