Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

10:10 Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы түзүмүн бекитти


Аны колдоп 57 депутат добуш берди. Добуш берүүнүн алдында берилген жаңы сунуштарга ылайык маданият министрлигине маалымат жана басма сөз, кино тармактары киргизилди. Дин боюнча мамлекеттик агенттикти комиссия деп атоо тууралуу депутат Муратбек Мукашевдин сунушун премьер министр колдогон жок. Өкмөт түзүмү жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламент бир аптадан ашык убакыт талкуулады. Натыйжада өкмөт он төрт министрлик, беш мамлекеттик комитет, он бир мамлекеттик агенттик жана каржы полициясынан түзүлдү. Өкмөт түзүмү ашыкча чоюлуп кетти деп эсептеген депутаттардын бири Темир Сариев мындай түзүмдө өкмөттү башкаруу оор болуп каларын парламентте белгиледи.(BuS)

XS
SM
MD
LG