Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

ДҮЙШӨН МАМАТКАНОВ: ТОКТОГУЛ КАСКАДЫ ЗЫЯНДАН БАШКА ПАЙДА БЕРГЕН ЖОК


“Азаттыктын” маектеши Дүйшөн Маматканов, Улуттук илимдер академиясынын Суу жана гидротехнологиялык проблемаларды изилдөө институтунун директору, академик.

- Сиздердин институтта азыр эмне маселелердин үстүнөн иштеп жатасыздар?

- Биз акыркы он жылда Токтогул каскадын экономдуу пайдалануу жолдорун, ыкмаларын эсептеп чыкканбыз. Бул каскад бизге зыяндан башка пайда берген жок. Сууну бекер беребиз, электр энергияны иштетпейбиз. Жайкысын сугатка кеткен суудан иштелип чыккан кошумча электроэнергияны сата албай, элге бергендин ордуна айлабыз кетип 1998-жылы, мисалы, Өзбекстанга 4 центтен, Казакстанга 2 центтен берип келдик. Азыр Өзбекстанга 2 центтен сатканыбызда көкүрөктү койгулап жеңип келдик деп атабыз. Ушундай көп чатак иштер бар.

Андан башка Кыргызстандын чыгышында Сарыжаз деген суу бар. Бул Сарыжаз Ысыккөлдүн сыртында бийик тоолуу, киши жашабаган жерде, Кыргызстан үчүн пайда бербей келаткан аймак. Аны Кыргызстан өзү үчүн эч убакта өзү кура албайт. Ошону иштетүү жөнүндө биз Россия, Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Кытай ал жактан иштелип чыккан электроэнергиясын бүт сатып алабыз деп атат. Россия болсо биз бекер эле куруп беребиз деп атат. Ошонун барын сүйлөшүп, макулдашып келсек бул жерден ошого бут тосуп атышат. Азыр бизде саясатты түшүнүүгө болбойт.

Тескерисинче, Россиядан келип аткан бизнесмендин этегинен кармап куруп бер десек, бекер электр энергия пайда болот эле. Ал жерде калай, вольфрам деген кендер бар, асыл таштар бар, ошолорду өздөштүрүп алсак болот эле. Мына ушул сыяктуу иштер бар. Андан башка дагы Куланакта 7 миң гектар жер сугара алат, Нарындан насос менен 24 метр бийиктикке чыгарат. Ага 4 млн. киловатт саат электр энергия пайдаланылат. Атбашыда Достук деген кыштак бар, Атбашы электр станциясынан тартып насосу жок өзү агып келе турган канал. Жети жарым километр курсак ошол Акталаа, Куланак райондору өзү агып келген сууну пайдаланып, кайра ошол жерге чоңураак электростанция курсак болот.

- Коңшу өлкөлөргө электр энергиясын эмес, сууну товар катары сатуу деген маселе күчүндө элеби, же барган сайын актуалдуулугун жоготуп баратабы?

- Бул боюнча 93-жылдан бери механизмин, ыкмасын иштеп чыкканбыз cууну кайсы жерде кандай пайдаланса болот, суунун баасы канча деп. Мына Токтогул каскады бизге зыяндан башка пайдасы жок. Биз мисалы Токтогул ГЭСин куруш үчүн ал жерде 28 миң гектар жер астында калган. Ал түшүм бербейт. Түшүмдүн ордун Өзбекстан, Казакстан толтуруп турушу керек эле. Анын ордуна кайра биздин Кыргызстандын казнасынан 43 млн. сом элге беребиз. Ошол 43 млн. кайра электр энергиянын баасына түшүп, элге зыян кылып атат. Ушул сыяктуу нерселер абдан көп. Ушул боюнча биз менен кеңешип сурап, угуп койгон уюм да, чоң да жок. Өзүлөрүнүн билгенин жасашат. Саясат такыр туура эмес болуп атат. Идеология, стратегия жок энергетика боюнча.

- Окумуштуулар дүйнөдө климат жылып жатат деп айтышууда. Кыргызстандын аймагында мөңгүлөрдүн калыңдыгына байкоо салган изилдөөлөр болуп жатабы, болгонбу?

- Бул боюнча да биз иштеп атабыз. Азыр 1977-жылдан бери Кыргызстанда климат өзгөрүп кетти. Мисалы, көлдүн өрөөнү боюнча Кечки Алатоо, Күнгөй Алатоодогу мөңгүлөр көлөкөдө болгондуктан анча эмес, ал эми Алатоонун күнгөй жагынан 30-35 пайыз мөңгүлөр жок болуп калды акыркы 20 жылдын ичинде. Дагы бир 15 жылдын ичинде жоготуу 70 пайызга барып калат. 30 эле пайыз мөңгү калат, 15 жылдан кийин ал жакта суу аз болуп калышы мүмкүн. Ал жер курорттук, туризм өсүп аткан район. Буга да көңүл бөлүп караш керек.

-
Сизге чоң ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов

XS
SM
MD
LG