Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

10:26 А. Мадумаров : Бирөөлөрдүн жугундусунун алдында жөрмөлөгөндөн көрө тике туруп өлөбүз


6-февралда кечке маал өткөн жылды жыйынтыктаган Жалалабат облусунун кеңешемесине катышкан мамлекеттик катчы Адахан Мадумов ондогон адамдардын суроолоруна жооп берди. Ал республиканын туусу жана гимни, депутаттык кол тийбестик тууралуу суроолорго жооп берип
жатып, гимндин айрым саптары туура эмес жазылганын, мамлекеттик символикаларды караштыруу зарылдыгын, кол тийбестик маселеси келечектин иши экендигин белгиледи. Мамлекеттик катчы ХИПК программасы жөнүндөгү суроо боюнча: "Эгер бул шарт-талаптар кыргыз элине, кыргыз мамлекетине кандайдыр бир зазалын тийгизе тургуза турган болсо, биз бирөөлөрдүн жугундусунун алдында жөрмөлөгөндөн көрө тике туруп өлөбүз,"-деп айтты. (YA)

XS
SM
MD
LG