АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ Вашингтондо Туркиянын Тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Ирак жана Туркиянын Евробиримдикке кирүү маселесин талкуулашты. Өз сөзүндө Абдулла Гүл күрт эрегишчилери Ирактын түндүгүн Туркияга кол салуу үчүн колдонууда деп билдирди.