Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

14:08 Кыргыз өкмөтү жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча токтом чыгарды


Премьер министр Азим Исабеков кол койгон бул токтомдо жер титирөөнүн кесепеттерин жоюунун багыттары белгиленген. Ага ылайык жараксыз үйлөрдү кайра куруу үчүн узак мөөнөттүү ссуда, ремонт иштери үчүн коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык кредит берилмекчи.
Өкмөт бардык башка сунуштар менен катар Кант цемент-шифер заводуна Кочкор жана Баткен аймактарындагы жер титирөөдө турак үйлөрү жабыркагандарга өткөн жылдын баасы менен он эки миң тонна цемент, беш миң даана шифер берүүнү сунуштады. Жер титирөөдө жабыркаган турак жайлардын курулуштарына байланышкан иштерди көзөмөлдөө архитектура жана курулуш боюнча агенттикке жүктөлдү. (BuS)

XS
SM
MD
LG