Бишкекте бүгүн уюштурулган талкууда ушундай көз караш басымдуулук кылды. Ага катышкан саясий ишмерлердин бири Бакыт Бешимов Кыргызстанды карызга батыргандарды жоопко тартууну, экономикалык стратегияны иштеп чыгууну, нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Базарбай Мамбетов башкаруунун натыйжалуу системасын орнотууну сунуш кылышты. Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, көмүскө экономикадан түшкөн кирешени мамлекеттик бюджетке кайтаруу аркылуу карызды жеңилдетүүгө болот деди. Кыргызстандын тышкы карызынан кутулуунун HIPCтен башка жолдорун талдаган жыйынды жаштардын “Жебе» саясий кыймылы уюштуруп, ага өлкөдөгү коомдук-саясий ишмерлер, партиялардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү катышты.(BuS)