Президенттин бүгүнкү жарлыктары менен Султан Раев маданият жана маалымат министри, Шайлообек Ниязов саламаттык сактоо министри, Акылбек Жапаров каржы министри, Салайдин Айдаров Бажы жана жыйымдар комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Аталган жетекчилер бул кызматтарга Ф. Куловдун тушунда эле дайындалып иштеп келишкен. Эми Азим Исабековдун өкмөтүндө да кайрадан ишенимге ээ болуп, кызматтарында калышты. (KCh)