БАГДАД. Ирактын премьер-министри Нури Ал-Малики Ирактын аскердик командачыларын Багдадда өткөрүлө турган турган коопсуздук операциясына көрүлүп жаткан даярдыктарды ыкчамдатууга чакырды. Маликинин айтымында, операциянын кечиктирилишинен улам өткөн жумаларда согушкерлердин кол салуулары күч алып, жүздөгөн адамдар курман болду. Кечээ өлкө боюнча 51 ирактык жаран курман болду, ал эми АКШнын аскердик жетекчилиги эки америкалык солдат курман болгонун билдирди.
Ирактын өкмөт башчысы Багдаддагы аскердик операцияга карата даярдыкты ыкчамдатууга чакырды