Орус президенти Владимир Путин Араб өлкөлөрүнүн лигасынын Башкы катчысы Амр Мусса менен жолугушту. Москвада өткөн жолугушууда президент Путин Орусиянын бардык араб өлкөлөрү менен мамилеси жакшы экендигин баса белгиледи. 11-февралда Путин Сауд Арабия, Иордания жана Катарга үч күндүк иш сапары менен барат. Сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтык жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланышы күтүлүүдө.