Төрт ирактык аскер жекшемби күнү уурдалган ирандык дипломатка байланыштуу камакка алынды деп билдирди Ирактын Тышкы иштер министри Хошияр Зебори. Мындан мурун Ирандын Тышкы иштер министрлиги Жалал Шарафи Ирактын Коргоо министрлигине тиешеси бар адамдар тарабынан уурдалганын жана АКШ дипломаттын коопсуздугу жана өмүрү үчүн жооптуу деп айткан эле.